БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Финансы министрлигинин соңку маалыматы боюнча (авусттун аягы), Кыргызстандын ички мамлекеттик карызы 83,9 миллиард сомго жетти.
Ачык булактарга таянсак, бул — өлкө тарыхындагы рекорддук көлөм.
Ички карыздын дээрлик баары мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен түзүлгөн. Алар бюджетти толтурат, ал эми сатып алуучулар (финансылык мекемелер, жарандар — банк аркылуу гана) дивидендден пайда көрүшөт.
Быйылкыга карата ички мамлекеттик карыздын суммасы (2021-жылдын аягына карата маалымат ачык булакта жок):
январь — 71 миллиард 833,5 миллион сом;
февраль — 72 миллиард 823,2 миллион;
март — 72 миллиард 887,1 миллион;
апрель — 73 миллиард 989,3 миллион;
май — 74 миллиард 338,2 миллион;
июнь — 82 миллиард 175,1 миллион;
июль — 83 миллиард 249,8 миллион;
август — 83 миллиард 913,1 миллион.
Мындан жыл башынан бери ички бересе 12 миллиард 79,6 миллион сомго, ал эми жарым жылда 11 миллиардга көбөйгөнүн байкоого болот.