Кыргызстандыктар Күндүн тутулушунун бир бөлүгүн көрө алат. Убактысы

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бүгүн, 25-октябрда, Күн тутулат. Кыргызстандыктар аба ырайы ачык болсо Ай Күндүн бетинин 69,88 пайызын жапканын көрө алышат.
Meteoweb ресурсунун маалыматына караганда, бул процесс Бишкекте саат 16:25те башталып, 18:04тө бүтөт. Бирок бул учурда Күн уясына кирип кеткен болот. Анда Күндүн бети болжол менен 65 пайызга жабыларын айтышты.
Ай толгондо, түн болгондо... Дүйнөнүн ар бурчундагы толгон айдын сүрөттөрү