Жети миллионунчу кыргызстандык 16 жылдан кийин 11,5 млн. сом алат

Бишкек жана башка аймакта жети миллионунчу жаран менен бир убакта төрөлгөн жети бөбөктүн ата-энесине да 200 миң сомдон берилери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандын жети миллионунчу жараны 16 жашка чыкканда бир миллион сом эмес, 11,5 миллион сом алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Байсалов 19-октябрда төрөлгөн ымыркайдын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Жакшылык жана апасы бүгүн төрөт үйүнөн чыккан.
"Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары аталган бүлөгө депозиттик эсеп ачуу үчүн 1 миллион сомдун сертификатын тапшырган. Анын айтымында, Жакшылык 16 жылдан кийин 11,5 миллион алып калат", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, анын ата-энесине 200 миң сомдун сертификаты тапшырылган. Ошондой эле Бишкек жана башка аймакта жети миллионунчу жаран менен бир убакта төрөлгөн жети бөбөктүн ата-энесине да 200 миң сомдон берилери айтылды.
Жапаровдун жети миллионунчу бөбөктүн энесин куттуктаган видеосу