Кыргызстан Кытайдан башка өлкөлөргө автоунаа менен көмүр ташууга тыюу салды

Темир жол аркылуу ташып чыгарууга чек коюлган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстандан автоунаа менен көмүр ташып чыгууга тыюу салды. Бул туурасында токтом кабыл алынып, чектөө алты айлык мөөнөткө коюлду.
Автоунаа менен бир гана кыргыз-кытай чек арасынан көмүр ташууга чектөө киргизилген эмес. Башка мамлекеттерге темир жол аркылуу гана экспорттоо мүмкүн.
Буга чейин Энергетика министрлиги контрабанданы азайтуу жана көмүр экспортунун так эсебин алуу максатында ушундай кадамга барууну сунуштаган.
Европанын бир катар өлкөлөрү Кыргызстандан көмүр сатып ала баштады