БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россия Украина боюнча кырдаалды чечүү жолун табуу үчүн АКШ менен да, башка өлкөлөр менен да, Рим папасы менен да сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Франция президенти Эммануэль Макрон Рим папасынан Россия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин жана Жозеф Байденге чалып Украинадагы кризисти жөндөө тууралуу сүйлөшүүсүн суранган.
Макрон абалдын мындан ары жакшырышы үчүн АКШ сүйлөшүү столуна отурушу керектигин айткан.
"Эгерде бул кадам абалды чындыгында эле жеңилдетүү үчүн жолдорду издөө боюнча жасалса, муну оң баалоого болот. Бирок бир жагынан алып караганда, билдирүүдө кимдин Зеленскийге чалышы керектиги туурасында жана Россия менен сүйлөшүүгө тыюу салган мыйзам базасын карап чыгуу боюнча эч нерсе айтылган эмес", — деген Песков журналисттерге.
Ал Россиянын көп нерсеге даяр экендигин кошумчалаган.
"Биз америкалыктар менен да, француздар жана понтифик менен да сүйлөшүүгө даярбыз. Дагы бир ирет кайталап коёюн, Россия баары менен байланышууга ачык. Бирок Украина сүйлөшүүлөрдү улантпоого бет койгонун эске алышыбыз керек", — деп кошумчалаган ал.
Эске салсак, Владимир Зеленский Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин Россия президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбойт деген чечимин бекиткен жарлыкка кол койгон.