Бишкекте интернет аркылуу синтетикалык баңгизат саткан адам кармалды. Сүрөт

Шектүү эки айга камалган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкек менен Чүй облусунда синтетикалык баңгизат саткан канал аныкталып, анын активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Бишкек менен Чүй облусунда синтетикалык баңгизат саткан канал аныкталып, анын активдүү мүчөсү кармалды

2 / 3

УКМК синтетикалык баңгизаттар жаштар арасында кеңири тарап жатканын эскертип, бул балдардын ден соолугу үчүн кооптуу экенин белгиледи

3 / 3

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында баңгизаттарды сатуу каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

"Жеке тараптар синтетикалык баңгизаттарды өспүрүмдөр да кире алгыдай Telegram каналы, интернет-дүкөндөр аркылуу сатып турушкан. Я.И. аттуу кыргызстандык бул багытта активдүү иштеп жүргөнү аныкталган. Ал синтетикалык баңгизаттын кезектеги партиясын сатып жаткан жеринен кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалды", — деп айтылат маалыматта.
УКМК синтетикалык баңгизаттар жаштар арасында кеңири тарап жатканын эскертип, бул балдардын ден соолугу үчүн кооптуу экенин белгиледи.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында баңгизаттарды сатуу каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Тергөө жүрүп жатат.
Пресс-борбор
Баланын синтетикалык баңгизат колдонгонун билсе болобу? Адистин жообу