БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы Бишкектен Россиянын шаарларына каттаган поезддердин графигин, баасын дагы бир ирет жарыялады.
№17 Бишкек — Самара багытындагы поезд жумасына эки жолу — шаршемби жана жума күндөрү Бишкектен чыгып, Самарага жума жана жекшемби күндөрү жетет. Кайра Самарадан ишемби жана дүйшөмбү күндөрү чыгып, Бишкекке дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү келет. Жолдун жалпы узундугу 2 685 чакырым. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүү убактысы — 56 саат 30 мүнөт.
№305 Бишкек — Казань багытындагы жүргүнчү ташыган поезд Бишкектен дүйшөмбү күнү чыгып, Казанга бейшембиде жетет. Кайра Казандан бейшемби күнү чыгып, Бишкекке жекшембиде келет. Жолдун жалпы узундугу 3 286 чакырым. Жол жүрүү убактысы — 64 саат 40 мүнөт.
Бишкек — Новосибирск, Новосибирск — Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди сегиз күндө бир жолу каттайт. Жолдун жалпы узундугу 2 340 чакырым, жол жүрүү убактысы 52 саат 43 мүнөттү түзөт.
Өлкө ичинде күн сайын Бишкек — Токмок, Бишкек — Кайыңды каттамдары жүрөрү кошумчаланды.
"Билетти поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейин сатып алуу керек. Купе жана СВ вагондордо 45 пайыз, плацкарт вагондордо 35 пайыз арзандатуу бар", — деп жазылат билдирмеде.
Билет баасын, поезддердин графигин тактоо үчүн 0705 076696, (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92 -68-40 телефондоруна чалса болору айтылды.