Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

30 конгрессчи Ак үйдү Россия менен сүйлөшүүгө чакырды

Конгрессмендер Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча президенттин администрациясына кат жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Конгрессчилердин бир бөлүгү Ак үйдү Россия менен сүйлөшүүгө чакырганын РИА Новости жазды.
Маалым болгондой, конгрессчилер Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча президенттин администрациясына кат жөнөткөн. Улуттук коопсуздук кеңешиндеги стратегиялык коммуникация боюнча координатор Жон Кирби катты алышканын тастыктады.
Президент Жозеф Байденге Өкүлдөр палатасынын 30 мүчөсү кайрылган. Катка Демократиялык партиянын либералдык канатынын өкүлдөрү да кол коюшкан.
Кирби Ак үй конгрессчилердин көз карашын сыйлай турганын айтып, сүйлөшүү Киевдин катышуусу жок болбой турганын кошумчалаган. Бирок ага Украина даяр эмес.
"Зеленский азыр Путин менен сүйлөшө турчу убак эмес деп эсептейт. Биз анын оюн сыйлайбыз", — деген Кирби.
Өткөн аптада Россиянын президенти Киев режими сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, террордук ыкмалар менен РФтин жаңы аймактарын аткылоону улантып жатканын билдирген. Октябрдын башында Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украина менен сүйлөшүү үчүн азыркы президент Владимир Зеленскийдин же анын ордун баскан кишинин позициясынын өзгөрүшүн күтүүгө туура келерин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ конгрессмени Украинага курал-жарак жеткирүүдөгү көйгөйдү ачыктады