БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жарым жыл мурда Адахан Мадумаровду үйүмө конокко чакырып, ал айтылган ойлорго муюп ынангандай болуп, эки саат олтуруп, "достошуп" кетти эле. Бир апта өтүп-өтпөй кайра эле кыйкырып чыкты. Буларды президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген Кемпир-Абад маселеси, өлкөдөгү соңку окуялар, бир катар адамдардын камалышы боюнча берген маегинде айтты.
Кемпир-Абад маселеси азыркыдай коомчулукка кеңири чыга электе эле бир катар депутаттарды, анын ичинде Адахан Мадумаровду да өкмөт үйүнө чакырып, аталган маселени ийне-жибине чейин түшүндүрүп бергенин билдирди.
"Жарым жыл мурда аны үйүмө конокко чакырып, "Адахан мырза, Кыргызстан бирөө эле, ынтымакташалы, мага колуңардан келсе жардам бергиле. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып бергиле" дегем. Айтылган ойлорго муюп, ынангандай болуп, эки саат олтуруп, "достошуп" кетти эле. Бир апта өтүп-өтпөй кайра эле кыйкырып чыкты", — деген Жапаров.
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимде Өзгөндө жана Бишкекте эл менен жолугушуу өткөргөнүн, бирок "түз кетип жаткан иштерди бурмалап жатышат" деген пикирин билдирген.
"Өзгөнгө барып эл менен жолугуп келдим. Баткенден баштап Чаткал, Ала-Букага чейин жергиликтүү тургундардан үч жүздөй кишини Бишкекке алдырып, Өкмөт үйүндө баарлаштым. Кемпир-Абадда "курултай" уюштургандардын бардыгын бөлүп-жарбай чакырдым. Жети саат тынбай сүйлөштүк, диалог кылдык. Түшүнүп эле кеткендей болушат, анан мындай чыгып эле түз кетип жаткан иштерди бурмалаганга өтүп жатышпайбы", — деген президент.