Радио

Арзыкулова: сунушталган мыйзам күчүнө кирсе сулуулук борборлорун жаба алабыз

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызматтын сапаты жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Бурул Арзыкулова министрлик чала сабат адистер менен кантип күрөшүп жатканын айтып берди.
Sputnik
Ушул жылдын апрель айынан бери Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы Ош, Бишкектеги 200гө жакын сулуулук салон, клиникаларын текшерген. Бишкекте 18 клиниканын ичинен экөөнө гана лицензия берилген. Калгандары лицензиясыз иштеп, кызматкерлердин медициналык билими таптакыр жок экени белгилүү болду. Бул тууралуу Бурул Арзыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин талапка жооп бербеген сулуулук салондорун, клиникаларын жабууга азырынча укугу жок.
"2013-жылдагы кабыл алынган мыйзамга ылайык, министрлик жеке медициналык клиникаларга ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия гана берет, ал эми аны жокко чыгара албайт. Бөлүм жылына эки жолу лицензиялык көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу, бирок жеке медициналык борборлор бизнес объектиси болуп эсептелгендиктен Экономика министрлигинин уруксаты менен гана текшерүү мүмкүн. Кырдаалды өзгөртүүнүн бирден-бир жолу — ишмердүүлүккө уруксат берүү жана лицензиялоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү. Бизнесте колдонулуучу жобо саламаттык сактоо тармагында иштей албайт. Мында адам өмүрү коркунучка кептелет. Биз сунуштаган "КРдеги лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө" мыйзам Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана дары-дармек саясатын мыйзамсыз жүргүзгөн объектилерди жабууга укуктуу болот. Ошондой эле ишмердүүлүктүн конкреттүү түрүн жана клиниканын дарегин көрсөтүү менен лицензияларды белгилүү бир мөөнөткө гана берүүгө мүмкүндүк берет. Мыйзам бузуулар аныкталса, Саламаттык сактоо министрлиги лицензияны кайтарып алуу укугуна ээ болот", — деди Арзыкулова.
Ал 2022-жылдын аягына чейин мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, күчүнө кирет деген ишеним бар экенин кошумчалады.