"Кыскасы, менден кеткен жок". Жапаров кечээ камалгандар боюнча айтты

Президент камалгандар боюнча ишке кийлигише албастыгын, акыркы чекитти сот коерун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-октябрда кармалган саясатчылар туурасында, Кемпир-Абаддын айланасындагы окуялар боюнча улуттук "Кабар" агенттигине маек берип, "кыскасы андан (президенттен - ред). кетпегендигин, баары менен диалогго барып жаткандыгын" айткан.

"Эки жылдан бери баары менен ийри олтуруп, түз кеңешип келе жатам. Быйыл жазда иш бөлмөмө ондон ашуун бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алып, үч саат бою пикир алыштым. Суроолоруна толук жооп бердим. "Жакшы иштер жасалып жаткан экен" деп ынангандай эле болуп кетишкен", — деген мамлекет башчы.

Президент баары менен кеп-сөзгө келгенге аракет кылганын айткан.

"Кыскасы, менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып жатам.Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен", — деген Жапаров.

Камалгандар боюнча ал кийлигише албастыгын, акыркы чекитти сот коерун белгилеген.
"Камалгандар боюнча мен кийлигише албайм. Укук коргоо органдары бар. Акыркы чекитти сот коет. Ошондон кийин гана мага кайрылышса ырайым берип камактан чыгарууга укугум болот. Мыйзамдуу жолу ушундай", — деген ал сөзүнүн аягында.
Эске салсак, жекшемби күнү Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалып, Бишкектеги жана Чүйдөгү убактылуу кармоочу жайларына киргизилген.
Бишкекте жүрүшкө чыккандар бийликке талаптарын айтып, тарап кетишти