Радио

Бакыт Мукул: эки фильм тартып, 100дөй сыйлык алдык

Режиссёр-сценарист Бакыт Мукул режиссёр Дастан Жапар улуу менен бирге тарткан эки фильм тең дүйнөнүн алты континентин айланып чыкканын айтты.
Sputnik
Өзгөчө стиль менен тартылган тасма фестивалдан ийгиликтүү кайтат. Мындай пикирин Бакыт Мукул Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, режиссёр тасма тартып жатканда жанрларды аралаштырбаса ал фильм сөзсүз жеңишке жетет.
"Режиссёрдун ички дүйнөсү эмнени каалап жатса, ошону кадрга түшүрүү зарыл. Ошондо гана ал тасма эл аралап кетет. Эл аралык фестивалдарга кино жанрларын так билип, аларды бири-бири менен аралаштырбай, өзгөчө стиль менен жаралган фильмдер сөзсүз өтөт. Режиссёр Дастан Жапар улуу экөөбүз чогуу тарткан "Акыркы көч" жана "Атанын керээзи" тасмалары жалпы 100дөй сыйлыкка ээ болду. Эки фильмибиз тең дүйнөнүн алты континентин айланып чыкты", — деди режиссёр-сценарист.
Ал эл аралык фестивалдарга режиссёрдун биринчи тасмасы чыйыр салгандан кийин экинчи тасмасынын конкурстарга катышуусу жеңилирээк боло тургандыгын кошумчалады.