Жапаров тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Азымбакиевге дипломатиялык ранг ыйгарды

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевге Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Азымбакиев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчылыгына быйыл 19-майда дайындалган. Ага чейин Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп иштеп, аталган уюмдун катчылыгынын Маалымат жана анализ департаментин жетектеген.
Жапаров жарлыгы менен Чыңгыз Айдарбековду дипломатиялык рангынан ажыратты