Мал жандыктарынан жугуучу кутурма, шарп, сибирь жарасы, бруцеллез, эхинококкоз, лейкоз, кой-эчкилердин күл, кыргын ылаңдарына каршы күрөшүүгө мамлекет тарабынан каржы бөлүнүп, республиканын аймактарында алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Адилет Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда эпизоотиялык абал туруктуу кармалып, маалыматтык кампания убагында уюштурулуп жатат.
"Ветеринардык кызматтын негизги максаты — республиканын аймагында эпизоотиялык туруктуулукту камсыздоо. Учурда өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу. Анткени малдын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары менен күрөшүүгө вакцина жетиштүү көлөмдө алынып, жалпы ветеринарларга берилген. Мал жандыктарынан жугуучу кутурма, шарп, сибирь жарасы, бруцеллез, эхинококкоз, лейкоз, кой-эчкилердин күл, кыргын ылаңдарына каршы күрөшүүгө мамлекет тарабынан каржы бөлүнүп, республиканын аймактарында алдын алуу иштери жүрүүдө. Малды жугуштуу оорулардан сактоо үчүн жарандар убагында адистер менен байланышып, эмдөөнү кечиктирбеши зарыл. Бул адамдардын саламаттыгы менен түз байланышта болгондуктан жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек", — деди Сатыбалдиев.
Ошондой эле адис ушул жылдын 20-октябрында КМШга мүчө өлкөлөрдүн ветеринария тармагында кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, эпизоотиялык абал талкууланып, маанилүү документтерге кол коюлганын кошумчалады.