Канат Исаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Сот кайсы иш боюнча экенин айтты

Исаевди 2017-жылы козголгон кылмыш иши боюнча кармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-спикери Канат Исаев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук чечиминин негизинде бир айга камакка алынды. Бул туурасында райондук соттон кабарлашты.
23-октябрда УКМКнын тергөөчүсү сунуштаган мурдагы (2018-жылы кабыл алынган) баш коргоо чарасын – эки жакка чыгып кетпөө боюнча чечимди өзгөртүүнү соттун канааттандыргандыгы белгилүү болду. Исаев анын негизинде УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген.
Эске салсак, 2017-жылы сентябрда, президенттик шайлоонун алдында Канат Исаевге бийликти күч колдонуп басып алуу боюнча иштин фигуранты катары кылмыш иш козголгон. Ал эми 2019-жылы апрелде сотко чейинки өндүрүштү токтотушкан.
Жекшембиде 21 саясатчы, активист кармалганы белгилүү болду. Тизме