Санарип министрлиги интернет эмнеден улам жакшы иштебей жатканын түшүндүрдү

Министрлик жакынкы аралыкта интернет байланышы толугу менен калыбына келтирилерин убадалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Интернет каналын жеткирүүчү магистралдык линиялардын биринде авария болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Мындан улам Кыргызстанда интернет үзгүлтүккө учурап жатканы белгиленди.
"Азыркы учурда интернетти калыбына келтирүү иштери активдүү жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта толугу менен калыбына келтирилет. Мындан сырткары, интернет байланышы менен камсыздоо үчүн резервдик каналдарга өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө", — деди министрлик.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:30дан кийин интернеттин ылдамдыгы начарлап, колдонууда кыйынчылык жарала баштаган. Мындай көйгөй өлкөнүн бүт аймактарында байкалууда.
Жекшембиде 21 саясатчы, активист кармалганы белгилүү болду. Тизме