Кыргызстанда интернет байланышы калыбына келтирилди

Азыркы тапта виртуалдык желеде көйгөйлөр байкалган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда интернет байланышы калыбына келтирилгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта виртуалдык желеде көйгөйлөр байкалган жок.
Интернет-трафик негизги магистралдык линия боюнча алып келинет, калыбына келтирүү иштери дагы да улантылууда.
Буга чейин магистралдык линиялардын биринде авария болгону кабарланган. Мындан улам саат 10:30дан 15:00гө чейин интернеттин ылдымдыгы жайлап, жакшы иштебей жаткан.
Радио
Таабалдиев: токойлордун санарип картасы түзүлүүдө