Бишкекте активисттерди бошотууну талап кылгандар жүрүшкө чыгышты

Чогулгандар Эркиндик бульвары менен "Ала-Тоо" аянтын көздөй келе жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекте 150дөй адам саясатчыларды жана активисттерди бошотууну талап кылгандар жүрүшкө чыкты.
Ошондой эле алар кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жерди Өзбекстанга бербөө талабын коюуда.
1 / 3

Бишкекте 150дөй адам саясатчыларды жана активисттерди бошотууну талап кылгандар жүрүшкө чыкты

2 / 3

Ошондой эле алар кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жерди Өзбекстанга бербөө талабын коюуда

3 / 3

Жүрүш Темир жол бекетинин жанынан башталып, Эркиндик бульвары менен "Ала-Тоо" аянтын көздөй багыт алды

Жүрүш Темир жол бекетинин жанынан башталып, Эркиндик бульвары менен "Ала-Тоо" аянтын көздөй багыт алды.
Кечээ, 23-октябрда, милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн тинтүүгө алып, өздөрүн суракка алып кетип кайра чыгарган эмес. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 ("Кылмышка даярдык көрүү") жана 278-беренеси ("Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу") боюнча кылмыш иши ачылганын билдирди. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.
Соңку маалымат боюнча, 21 саясатчы жана жарандык активист кармалганы белгилүү болду.
Өзгөндө Кемпир-Абаддын коңшуларга берилишине каршы жөө жүрүш өттү