Бишкек мэриясы коомдук транспорт каттамдары боюнча сынак жарыялады

Конкурска катышууну каалагандар үчүн бир ай мөөнөт берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы коомдук транспорт боюнча беш каттамга сынак жарыялады. Ал жүргүнчү ташуучуларды аныктоо максатын көздөйт.
Маршруттар:
№ 118 кичи автобустук каттам;
№ 12 автобустук каттам;
№ 230 кичи автобустук каттам;
№ 281 кичи автобустук каттам;
№ 134 кичи автобустук каттам.
Кызыкдар болгон тараптар конкурска катышуу үчүн 24-ноябрь саат 13:00гө чейин ofmsiook@mail.ru электрондук дарекке арызын калтырса болорун айтышты.
Бишкек мэриясы 11 маршруттук каттамды өз карамагына алды. Себеби