Баткендин тоолуу жерлерине кар жаайт. Кыргызгидрометтин билдирүүсү

Абанын температурасы күндүз 11...16 градус жылуу болору божомолдонду.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Баткен облусунда аба ырайы кандай болорун айтты.
Маалыматка ылайык, Баткенде кийинки апта башталары менен жамгыр жаап, тоолуу жерлерине кар түшүүсү күтүлүүдө. Мындай аба ырайы 28-октябрга чейин созулат. Абанын температурасы күндүз 11...16 градусту көрсөтсө, түнкүсүн 4...9 градус болот. 28-29-октябрда күн ачылары айтылды.
Апта жаан-чачындуу болобу? Кыргызстан боюнча аба ырайы