25-октябрга карата аба ырайы

25-октябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жамгыр аралаш кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Шейшемби, 25-октябрда, күндүз тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл өрөөнүндө +11...+16, Теңир-Тоодо +9...+14 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +14...+16, Ошто +18...+20 градуска чейин көтөрүлөт.
Баткендин тоолуу жерлерине кар жаайт. Кыргызгидрометтин билдирүүсү