Ислам Махачев досу Хабибдин салмагы боюнча чемпион болду. UFC видеосу

Абу-Даби шаарында UFC 280 турнири өтүп, россиялык мушкер Ислам Махачев бразилиялык Чарльз Оливейраны утуп, жеңил салмакта чемпион болду.
Sputnik
Спортчулар кеченин башкы беттешинде кармашты. Махачев Оливейраны кармаштын экинчи раундунда муунтуу ыкмасы менен жеңген.
Спортчу — UFC уюмунун жеңил салмакта чемпиондук курун алган экинчи россиялык чемпион. Ага чейин титул Хабиб Нурмагомедовго таандык болчу.
Оливейра чемпиондук наамга 2021-жылы декабрда америкалык Дастин Порьени утуп ээ болгон. Андан кийин Жастин Гэтжи менен беттешип, титулун коргоду.
Ислам 31 жашта. Хабибдин жакын досу, ошондой эле Абдулманап Нурмагомедовдун шакирти. 23 кармашта жеңишке жетип, бир гана жолу утулган.
Тема боюнча:
UFC жылдызы Камару Усманды атаандашы эсин оодара тепти. Видео