Си Цзиньпин Кытай Компартиясынын башкы катчысы болуп үчүнчү ирет шайланды

Жыйындын жүрүшүндө саясий бюронун курамы жаңыланып, ага бир катар таасирдүү партиялык чиновниктер кирди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети Си Цзиньпинди башкы катчы кылып үчүнчү ирет шайлады. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта анын Аскерий кеңештин да төрагасы болгону айтылат.
Мындай чечим партиянын борбордук комитетинин биринчи пленумунун жыйынтыгы менен кабыл алынган. Жыйындын жүрүшүнүдө саясий бюронун курамы жаңыланып, ага бир катар таасирдүү партиялык чиновниктер кирди. Бул курам алдыдагы беш жыл аралыгында Кытайдын мындан аркы багытын аныктамакчы.
Си Цзиньпин Кытай компартиясынын жаңы курамынын маанилүү багыттарын атады