Радио

Самаков: окуучулар арасында дил баян сынагы өтөт

"Российская газета" тарабынан өтүп жаткан дил баян сынагында калыстар тобунун жетекчиси Аман Самаков сынак эмгек сиңирген мугалим, билим берүүнүн мыктысы Айчүрөк Самакованын урматына өтүп жатканын белгиледи.
Sputnik
Окуучулар арасында үч жылдан бери орус тилиндеги дил баян сынагы өтүп келе жатат. Бул тууралуу Аман Самаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл сынак "Мен жана үй-бүлөм үчүн орус тилинин мааниси кандай?" деген аталышта өтүүдө.
"Орус тили боюнча дил баян сынагы быйыл үчүнчү ирет өтүүдө. Ал Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, билим берүүнүн мыктысы Айчүрөк Самакованын жаркын элесине арналган. Тилекке каршы, педагог 2020-жылы коронавирустан каза болуп калды. Көп жылдар бою "Российская газета", "Россотрудничество" менен кызматташып келген. Сынакка биринчи жылы 300дөй, кийинки жылы 250гө чукул окуучулар катышкан. Булар негизинен региондордогу балдар. Дил баяндар "Российская газетанын" l.shkuratova@inbox.ru электрондук дарегине 31-ноябрга чейин кабыл алынат. Сынак жарым кылымга чукул өзүн билим берүүгө арнаган Айчүрөк Самакованын элесин өчүрбөй, анын иштерин даңазалайт. Мындан тышкары, орус тилин даңазалоого, таркатууга жакшы өбөлгө болот. Анткени орус тили учурда БУУдагы негизги жети тилдин бири. Ошондой эле адам канча көп тил билсе, ошончо пайдалуу болот", — деди Самаков.
Ал сынактын жыйынтыгы менен катышкан окуучулардын мугалимдери үчүн дагы кызыктыруучу белектер бар экенин кошумчалады.