БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Келе жаткан аптада Нарында аба ырайы өзгөрүп турат, кээ күндөрү жамгыр жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Ага ылайык, 24-28-октябрга чейин жамгыр жаап, бийик тоолуу жерлерге кар түшүүсү ыктымал. 28-29-октябрда күн ачылып, абанын температурасы 9...14 градус жылуу болору айтылды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.