БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы кандай болорун айтты.
Чүй облусу
23-26-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 27-октябрда түнкүсүн жаан жаап, күндүз күн ачылат.
28-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Талас облусу
23-24-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
25-октябрда күндүз жаан-чачын болбогону менен эртеси күнү тоолуу райондордо кар жаайт. 27-28-октябрь кайрадан жаан-чачынсыз болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ош облусу
Ошто күн алыстап жаан жаайт. Мисалы, 23-25-27-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми калган күндөрү айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жалал-Абад облусу
23-24 жана 27-28-октябрь күндөрү күндүз жаан-чачын болбойт. Башка күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Баткен облусу
Баткенде 23-24-26-28-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 25-27-октябрда күндүзү күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Нарын, Ысык-Көл облустары
24-26-27-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар түшөт. Башка күндөрү жаан-чачынсыз болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.