Иркутск шаарында эки кабаттуу үйдүн үстүнө учак кулады. Видео

Жеринде куткаруучулар жана башка кызматтын өкүлдөрү иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россиянын Иркутск шаарына Су-30 учагы кулады. Бул тууралуу губернатор Игорь Кобзевдин айтымына таянып, РИА Новости кабарлады.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган шаардагы Пржевальск көчөсүнө Су-30 үлгүсүндөгү учак эки кабаттуу үйдүн үстүнө кулаган", — деген ал.

Россиянын ӨКМинин маалыматы боюнча Су-30 аба кемеси сыноо учурунда кырсыктаган. Андан кийин учак кулаган жерде өрт чыккан.
Жеринде куткаруучулар жана башка кызматтын өкүлдөрү иштеп жатканы айтылды. Азырынча жабыркагандар, каза болгондор боюнча эч кандай кабар бериле элек.
Ейскидеги учак кырсыгынан көз жумгандардын саны 13кө жетти, үчөө балдар