Бишкек мэриясы диабет менен күрөшүүгө арналган веложүрүшкө чакырат

Иш-чаранын уюштуруучулары илдет туурасында маалыматты спорттук акциянын жардамы менен таратуу максатын көздөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Борбор калаада 30-октябрда диабет менен күрөшүүгө арналган веложүрүш болот.
Шаардык мэриядан маалымдагандай, "Диабетти жеңип, жаша!" деп аталган жүрүш бул жылга карата велосезондун жабылыш аземи менен коштолот. Анын негизги бөлүгү Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы паркта өтөт.
"Иш-чара кант диабети менен күрөшүүгө, ооруну эрте аныктоого жана өз убагында дарылоого чакырык жасап, спорт көптөгөн илдеттердин алдын алууга таасир бере турганын элге жеткирүү максатын көздөйт", — деп жазылат маалыматта.
Иш-чара мэрия тарабынан "Вело friends позитив KG" жана "Жашыл ай коому" коомдук уюмдары менен биргеликте уюштурулууда. Анын жүрүшүндө түрдүү сынактар, оюндар өтөт.
Мэрия жарандарды спорттук иш-чарага катышып кетүүгө чакырат. Жүрүш 30-октябрда саат 09:00дө башталат.
Жумасына үч жолку активдүү кыймыл стресстен, нервдик чыңалуудан арылтат