Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Колго түшкөн украин аскерлери "Азовсталдагы" мыкаачылык тууралуу айтышты

Согушкерлер жарандарды калкан катары колдонушканын моюндашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. "Азовсталь" комбинатында жашынган украиналык согушкерлер авиасоккудан коргонуу үчүн жай тургундарды барымтага алып, жөнөкөй жарандарды аткылашкан. Бул тууралуу РИА Новостиге Украинанын колго түшкөн аскерлери айтып беришти.
"Жай тургундар "Азовсталдан" чыга алчу эмес. Анткени аларды атып салабыз деп коркутушчу. Россиянын аскерлеринен жай тургундар менен коргончубуз", — деген "Азов" полкунун сержанты Михаил Швец.
Дагы бир аскер туткуну улук сержант Виталий Катранич "азовчулар" жай тургундарды калкан катары колдонушканын айтып, заводдон чыгууга аракет кылгандарды атып өлтүргөнүн тастыктаган.
450 миң калкы бар Мариуполь 2014-жылы өлкөдөгү Донецкиден кийинки эле экинчи шаар болчу. Бирок ошол эле жылдын июнь айында украиналык күчтөр аны өз көзөмөлүнө алышкан.
Быйыл Россиянын атайын операциясы башталган соң 7-мартта "Восток" батальонунун командиринин орун басары Александр Семенов шаар курчоого алынып, анын айрым райондору тазалана баштаганын билдирген. Коргоо министрлиги 16-апрелде россиялык аскерлер Мариуполдун бардык аймагын украин аскерлеринен, чет элдик жалданма аскерлерден жана "Азов" полкунун неонацисттеринен бошотконун кабарлаган.
Украиналык топтун калганы "Азовсталь" комбинатында калып, согуштук аракеттерди токтотуудан баш тартышкан. Бирок "Азовсталь" комбинаты "Азов" полкунун согушкерлеринен май айында толугу менен тазаланган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсон бийлиги: чабуул жасоодо Киев ири жоготууга учураганын жашырып жатат