"Биз 100 жылды алдын ала көрүп жатабыз". Жапаров Кемпир-Абад боюнча пикирин айтты

Мамлекет башчы чагымчылдардын жетегине жетеленбей чек араларга чекитти коюп алуу керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Биз бир күндү эмес, 100 жылды алдын ала көрө билип жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине кыргыз-өзбек чек ара келишими боюнча берген маегинде билдирди.
"Чагымчылдар айласы кеткенде акыркы бир сунуш айтып жатпайбы. "Суу кургап кетсе, астындагы жер бизге калыш керек. Келишимге ошентип жаздырып койгула" дейт. Антсек биз келечек муунду илинчекке илип кеткен болобуз. Азыркы тактап жаткан келишимдер кайра бузулуп, бүгүнкү акыбалга кайтып келет. Накта чыр ошондо чыгат. Андыктан, чагымчылдардын жетегине алдырбай, жаңылыштык кетирбей чек арага чекитти коюп алышыбыз керек. Биз бир күндү эмес, 100 жылды алдын ала көрө билип жатабыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчы Кемпир-Абад суу сактагычынын суусу кургап кетпестигин айтып, 70 жылдан бери суу басып жатканын белгиледи.
"Дагы 100 жыл басат. Суу түгөнсө адамзаттын жашоосу дагы бүтөт. Макул, 100 жылдан кийин суу кургап кетип жер бошоду дейли. Ошондо деле суу астынан бошогон 4000 гектар жерди өзгөндүктөр алгысы келсе башка жерден берип теңме-тең алмашып алсак болот. Айланайын деп эле алмашат. Себеби суу астында жаткан кум менен таш баскан сайдан көрө, ким болбосун түз жерди алууну каалайт да. Дагы кандай түшүндүрүшүм керек?", — деди президент.
Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтканына караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 966 гектар жер алат, жалпы жонунан Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейүүдө. Ал үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер өзбек тарапка өтөт.
Өзгөндө Кемпир-Абаддын коңшуларга берилишине каршы жөө жүрүш өттү