УКМКнын Баткен облусундагы аскер кызматкерлери үйлүү болду

УКМКнын 16 аскер кызматкерине батирлердин ачкычтары тапшырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Баткен облусундагы аскер кызматкерлерине кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдирди.
1 / 4

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Баткен облусундагы аскер кызматкерлерине кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды

2 / 4

Баткен шаарында капиталдык оңдоодон өткөн 16 кызматтык батирдин ачкычын комитеттин аскер кызматкерлерине тапшыруу аземи болду

3 / 4

Аталган иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Баткен облустук УКМКнын башкы башкармалыгы жана өздүк курамы катышты

4 / 4

Камчыбек Ташиев ачкычтарды тапшыруу аземинде мамлекет тарабынан алыскы тармактарда кызмат өтөгөн аскерлердин жашоо-тиричилик шарттарын мындан ары да жакшыртуу аракеттери уланарын белгиледи

Баткен шаарында капиталдык оңдоодон өткөн 16 кызматтык батирдин ачкычын комитеттин аскер кызматкерлерине тапшыруу аземи болду.
"Аталган иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Баткен облустук УКМКнын башкы башкармалыгы жана өздүк курамы катышты", — деп жазылат маалыматта.
Камчыбек Ташиев ачкычтарды тапшыруу аземинде мамлекет тарабынан алыскы тармактарда кызмат өтөгөн аскерлердин жашоо-тиричилик шарттарын мындан ары да жакшыртуу аракеттери уланарын белгиледи.
Президент УКМК кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. Сүрөт