Радио

Мамбетов: Ош шаарын Балыкчыдай өнүктүрүүгө 3 жылдай убакыт керек

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош шаарын Балыкчы шаарындай кылып иретке келтирүүгө үч жылдай убакыт талап кылынарын болжолдоду.
Sputnik
Ош шаарынын мэри болуп келгениме бир жыл болду. Аталган аралыкта алдыга чоң-чоң пландарды койдук. Алардын ичинде таза суу маселеси да бар. Бул тууралуу Алмаз Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дагы эки жылдын ичинде шаарда көптөгөн социалдык маселелер чечилет.
"Балыкчыны кыска убакытта иретке келтирдиң эле, Ош шаарын өнүктүрүүгө сага канча убакыт керек деген суроону көп беришет. Өзүмө-өзүм да бул соболду таштап келем. Азыр менин Ошко мэр болуп келгениме бир жылдын жүзү болду. Чоң иштерди жасап жиберүү үчүн бул убакыт аздык кылат. Бирок жалпысынан алганда, үч жылдай убакытта көзгө көрүнөрлүк иштерди жасаса болчудай. Ошентсе да биз азыр деле алдыга ири максаттарды коюп жатабыз. Мисалга ала турган болсок, көп жылдан бери көйгөй жаратып келе жаткан таза суу маселеси жакында жакшы жагына чечилгени турат. Тендер өтүп, үч компания катышкан. Эми алардын ичинен Азия өнүктүрүү банкы бирөөсүн тандап алса, 1-2 айда иш башталып калышы керек. Жылуулук системасын да жөнгө салып, мобилдик чакан ТЭЦтерди алып келүү мерчемделүүдө. Төрт чакан ТЭЦ биздин шаар калкын тейлөөгө жетет экен. Алар экологияны таза сактап, жыл бою ысык суу менен камсыздап жана электроэнергияны иштеп чыгат. Мындан сырткары, "Коопсуз шаар" долбоорун киргизгени турабыз. Ошондой эле өзүбүздүн каржыбызга шаардагы эң чоң көчөлөрдүн бири болгон Масалиев, Ленин көчөлөрүн оңдоодон өткөрөлү деп турабыз. Коомдук транспортто автобустарды көбөйтүүнү да пландап жатабыз", — деди Мамбетов.
Мэр туризмге өзгөчө басым жасалып, анын ичинен ашкана туризми бөлүнүп караларын кошумчалады.