Ош шаарында директорлор сынагынын 2-айлампасында 16 талапкер өттү

Калаада сегиз директордун орду бош турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ош шаарында директорлорду тандоо боюнча сынактын экинчи айлампасында 16 талапкер босого баллдан өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын баалоо улуттук борбору билдирди.
Калаада сегиз директордун орду бош. Тестирлөөдөн өткөн талапкерлердин эң көп балл алганы кызматка дайындалат. Калганы резервге киргизилет.
Сынак 21-октябрда Ош мамлекеттик университетинде компьютердик тестирлөө өтүп, 27 талапкер катышкан. Анын ичинен 16 талапкер 60 пайыздан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өткөн.
Алгач конкурска катышуу үчүн 42 талапкер документ тапшырган. Эксперттик комиссия карай келгенде 12си талапка туура келген эмес, үчөө тестирлөөгө келбей койгон.
Ош шаарында конкурстун биринчи этабында 31 талапкердин 14ү босого баллдан өткөн.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда мектепти беш жылдан ашуун жетектеген 966 директор президенттин жарлыгы менен иштен алынган. Жаңыларын дайындоо үчүн компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү милдеттендирилди. Анда суроолордун 60 пайыздан ашыгына туура жооп берген талапкер кызматка дайындалат. Биринчи этапта эч ким сынактан өтпөй, кээ бир директорлордун орду бош калгандыктан экинчи айлампа уюштурулган.
Пресс-борбор
Министрлик: жаңы директорлордун арасында мектепте иштеп көрбөгөндөр бар