Окумуштуулар Starlink системасынын кемчилигин табышты

Буга чейин Financial Times гезити украин аскерлери Starlink спутниктик байланыш системасынын үзгүлтүккө учурап иштешине нааразы болуп жатканын жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. АКШнын окумуштуулары Украинада колдонула турган Starlink тутумунун кемчилик жагын табышты. Бул тууралуу MIT Technology Review журналынын маалыматына таянып РИА Новости жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Остиндеги Техас университетинин изилдөөчүлөрү Starlink кадимки эле GPS системасы катары иштей аларын далилдешти.
"Техас университетинин тыянагы боюнча Starlink тутумуна атайылап кийлигишүү мүмкүнчүлүгү бар. Системанын спутниктер менен бир катарда иштей алышы коопсуздуктун бекем эместигинен кабар берет", — деп айтылат макалада.
Мындан улам Украина жана анын Батыштагы союздаштары Starlink боюнча көп нерсени билбей турганы айтылды.
Буга чейин Financial Times гезити украин аскерлери Starlink спутниктик байланыш системасынын үзгүлтүккө учурап иштешине нааразы болуп жатканын жазган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Илон Маск Starlink системасынан россиялык ЖМКларды өчүрбөй тургандыгын айтты