Netflix Кыргызстанда тартылган даректүү тасманы экранга чыгарды

Кино аркылуу дүйнөнүн төрт бурчунан миллиарддан ашык көрүүчү Кыргызстан тууралуу биле алат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Netflix стриминг кызматы Кыргызстанда тартылган даректүү кинофильм чыгарганын Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы кеңсесинен билдирди.
Netflix тарабынан дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү маданий көп түрдүүлүктү чагылдырган "Адамдардын оюн аянтчасы" (Human Playground) даректүү тасмасы тартылган. Анда Кыргызстандын улуттук салбурун оюну көрсөтүлөт. Фильм республикада 2021-жылы тартылган.
"Тасма аркылуу дүйнөнүн төрт бурчунан миллиарддан ашык көрүүчү кыргыздын каада-салты, көчмөндөрдүн бай маданиятын көрүп, өлкөбүз тууралуу көбүрөөк биле алат", — деп билдирди ПРООНдун кеңсеси.
Салбурун – көчмөндөрдүн мергенчилигинин байыркы түрү.
Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азия Оскарына" көрсөтүлдү