БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. НАТО өлкөлөрү Россия менен түздөн-түз аскердик кагылышка бара турган кооптуу чекке жакындап келе жатат. Бул тууралуу Россия ТИМинин Куралданууну жайылтпоо жана ага көзөмөл кылуу боюнча департаменттин жетекчисинин орун басары Константин Воронцов айтканын РИА Новости жазды.
"НАТОнун өлкөлөрү өзүнүн украин кризисине катыштыгы бар экендиги боюнча үндөбөй отурушат. Анткен менен чындык баары бир чыгат: бири-бири менен жарышкан сымал Киев режимин курал, ок-дарылар менен камсыз кылууда. Аларга чалгын маалыматтарын берип, аскерлерин окутуп, согуштук аракеттер тууралуу кабарлап, анысы Россия менен түздөн-түз аскердик кагылышка бара турган чекке жакындатып келе жатат", — деген Воронцов БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында.
Ал дүйнөлүк экономика боюнча адистешкен Киле институту жарыялаган маалыматтарга таянып, Батыштын Украинага берген жардамынын суммасы 42,3 миллиард долларды чапчыганын айтты. Алардын жарымынан көбү (28,3 миллиард) Киевдин башкы демөөрчүсү — АКШга туура келген.
Воронцовдун баамына караганда, Украинага ЕБ жана НАТО берген куралдар аларды "Россияга каршы жасалган агрессиянын, Киев сегиз жылдан бери жөнөкөй элге жасап келген аскердик кылмыштар менен террордук актылардын катышуучусуна айлантууда".
"Ага катышкандардын баары жоопкерчиликке тартылып, жазасын сөзсүз алат", — деп ишендирген Воронцов.