Кыргызстандык эпидемиологдор Россияда КМШ өлкөлөрүнүн машыгуусуна катышты

Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 36 адис тажрыйба алмашуу үчүн барган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Россиянын Саратов шаарында "Санитардык тосмо" долбоорунун алкагында санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү боюнча эл аралык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Россотрудничествонун маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чарада КМШ өлкөлөрүнүн коомдук саламаттыкты сактоо адистери Роспотребнадзордун мобилдик лабораторияларын колдонушкан.
1 / 3

Россиянын Саратов шаарында "Санитардык тосмо" долбоорунун алкагында санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү боюнча эл аралык машыгуу өткөрүлдү

2 / 3

Аталган иш-чарада КМШ өлкөлөрүнүн коомдук саламаттыкты сактоо адистери Роспотребнадзордун мобилдик лабораторияларын колдонушкан

3 / 3

Машыгууну россиялык "Микроб" чумага каршы илим-изилдөө институту уюштурган.

Машыгууну россиялык "Микроб" чумага каршы илим-изилдөө институту уюштурган. Ага Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 36 эпидемиолог, Роспотребнадзордун чумага каршы мекемелеринен 50 өкүл катышты.
Беш күндүн аралыгында алар санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү учурунда мобилдик лабораторияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашкан.
"Микроб" институтунун эпидемиология бөлүмүнүн илимий кызматкери Василий Куклев биринчи машыгуу 2019-жылы уюштурулганын, ал эми 2021-жылы ДССУнун өкүлдөрүнүн катышуусунда жана алыскы чет өлкөлөрдөн мобилдик лабораториялар алып келинип өткөнүн билдирген.
"Быйылкы машыгуунун жыйынтыгында мындан ары да тыгыз кызматташтыкты талап кылган кээ бир багыттарды аныктадык. Анын ичинде өзгөчө кырдаалда мобилдик лабораторияларды колдонуу менен иштөө боюнча адистердин реестрин түзүү каралган. Ал КМШ мейкиндигинде коркунучтуу эпидемиологиялык кырдаал чыгып кетсе ыкчам чара көрүү максатында ачылат. Биздин кызматташтыгыбыз алдыда дагы да бекемделе беришине ишенем", — деди Куклев.
Россотрудничествонун маалымат кызматы Россиянын КМШ өлкөлөрү менен гуманитардык долбоорлорду алдыга жылдырууда улуттар аралык туруктуу байланышты түзүү жана диалогду өнүктүрүү негизги артыкчылыктардын бири экенин билдирди. Медицина жана билим берүү тармагында көп тараптуу тажрыйба алмашуу дос мамлекеттерде геосаясий туруктуулукка жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болору белгиленди.
Кыргызстан Санкт-Петербург шаарында "Мода шериктештиги" форумуна катышты