Чүй облусунда келерки аптада аба ырайы кандай болот

Синоптиктердин божомолунда, апта бою Чүйдө күн алыстап жаан жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Чүй облусунда аба ырайы кандай болорун айтты.
23-26-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. 27-октябрда түнкүсүн жаан жаап, күндүз күн ачылат.
28-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ноябрь ичинде Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу