Жонсон кайрадан премьер болушу мүмкүн: аны 100 консерватор колдоду

Жонсон өзүнүн талапкерлигин премьерлик кызматка коюу ыктымалдыгынан кийин мекенине кайтып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын экс-премьери Борис Жонсон жүздөн ашуун парламентарийдин колдоосун алды, бул анын өкмөт башчылык шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу РИА Новости Sky News телеканалына шилтеме берип жазды.
"Борис Жонсонду парламенттин 100дөн ашуун мүчөсү колдоп жаткандыктан шайлоо бюллетенине ысымы киргизилиши мүмкүн", — деп айтылат телеканалдын маалыматында.
Жонсон өзүнүн талапкерлигин премьерлик кызматка коюу ыктымалдыгынан кийин мекенине кайтып келген.
Лиз Трасс 20-октябрда Элизабет Трасс Улуу Британиянын премьер-министрлик кызматынан кетип жатканын билдирип, бирок өзүнүн ордуна башка бирөө шайланмайын ишин улантып турарын айткан. Ал аталган билдирүүнү жасаганда премьерлик кызматта болгону 44 күн отурган. Британия тарыхында өкмөт башчылык тизгинде эң аз убакыт башкарган аткаминер болуп калды.
Кийинчерээк Telegraph Жонсон парламентарийлерге өзү телефон чалып, жаңы премьерди шайлоого катышуу үчүн партиялаштарынан колдоо сурап жатканын жазган эле.
Британия парламентинин дубалында Трассты келекелеген видео пайда болду