Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" гала-концерти кандай өттү. Видео

Кечээ, 21-октябрда, борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда "Орто Азия романсиадасы" гала-концерти өттү. Ал жаштар арасында орус романстарын аткаруучуларынын конкурсу менен коштолду.
Sputnik
Конкурстун өзү 20-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында болгон.
Сынакка Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 50 адам катышты. Быйыл жаш курагына чек коюлуп, 35 жашка чейинкилер гана кабыл алынды. Ошондой эле быйыл жеңүүчү болгондор кийинки жылы романсиадага катыша албайт.
Гала-концерттин жүрүшүндө конкурстун лауреаттарына жана дипломаттарына сыйлыктар ыйгарылды. Sputnik Кыргызстандын директору Елена Череменина эң жаш катышуучуга белек берди жана конкурсант балдардын баарына диплом тапшырды. Эң жаш катышуучу 11 жашта болгон.
1 / 5

Кечээ, 21-октябрда, борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда "Орто Азия романсиадасы" гала-концерти өттү

2 / 5

Ал жаштар арасында орус романстарын аткаруучуларынын конкурсу менен коштолду

3 / 5

Конкурстун өзү 20-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында болгон

4 / 5

Гала-концерттин жүрүшүндө конкурстун лауреаттарына жана дипломаттарына сыйлыктар ыйгарылды

5 / 5

Sputnik Кыргызстандын директору Елена Череменина эң жаш катышуучуга белек берди жана конкурсант балдардын баарына диплом тапшырды.

Жеңүүчүлөрдүн жана байгеге ээ болгон таланттардын тизмеси:
Баш байге — Даниёр Алимов (Өзбекстан);
Биринчи сыйлык: Аружан Тулепберген, Максат Саматов (экөө тең — Казакстан), Кубанычбек Атамбаев (Кыргызстан), Хурсандбек Атамуратов (Өзбекстан);
Экинчи сыйлык: Турсынбай Бердаулет (Казакстан), Тилекалы Медетбек уулу, Жаныбек Жоомартбеков, Нуржигит Молдояров (баары - Кыргызстан);
Үчүнчү сыйлык: София Борчанинова (Өзбекстан), Леонид Рукавишников, Элера Кабылжан кызы (экөө тең – Кыргызстан).
Дипломанттар:
"Романсиада сулуусу" — Ольга Севостьянова (Кыргызстан);
"Чек арасында романсы" — Виктория Князева (Кыргызстан);
"Өзгөчө музыкалык жана артисттик өнөр" — Анастасия Малькина, Нуртилек Бакытбек уулу (экөө тең – Кыргызстан), Данияр Айткужинов (Казакстан);
"Артисттик чеберчилик жана көрүүчүлөрдүн суктануусу" — Бактурган Санжарбек уулу (Кыргызстан), Сарбиназ Каримбаева (Өзбекстан).
"Романсиада үмүтү" номинациясы:
Биринчи орун — Умида Мирзахматова (Өзбекстан), Анастасия Гриб, Мырза Сарпашов (экөө тең – Кыргызстан);
Экинчи орун — Розалия Аманбаева, Бермет Жумабекова (экөө тең – Кыргызстан);
Үчүнчү орун — Сарварбек Исмоилжонов (Өзбекстан), Ажар Нурбашева, Касиет Токтосунова (Кыргызстан).
Эң жаш катышуучуга белек — Анастасия Гриб, Мырза Сарпашов (экөө тең – Кыргызстан).
Конкурстун жеңүүчүлөрү декабрда Москвада боло турган "Романсиадалар" финалына жолдомо алды.
Жыл сайын уюштурулуп келген конкурс быйыл алтынчы ирет өттү. Бул аралыкта Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан 300дөн ашык аткаруучу катышкан. Конкурстук угууларга жана гала-концертке жалпысынан беш миңден ашуун көрүүчү келген.