Адис автоунаага кышкы дөңгөлөктөрдү кайсы учурда салуу туура экенин айтып берди

Эксперт жайкы дөңгөлөктөрдү суук түшө электе эле кышкыга алмаштырып алуу да туура эмес экендигине токтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Автоунаанын дөңгөлөктөрүн алмаштыруунун да өзүнүн мезгили бар. Бул тууралуу Россиянын "Авилон" автомобилдик компаниясынын бөлүм башчысы Павел Константиновдун айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
Адистин айтымында, айдоочулар автокөлүктүн дөңгөлөгүн жайкы сезондон кышкыга абанын температурасы беш градустан төмөн болгондо алмаштырышы керек.

"Бул эреже бардык категориядагы автоунааларга тиешелүү, кышкы дөңгөлөктү эрте алмаштырып алуу да туура эмес. Мындан тышкары, эски дөңгөлөктөрдү сатып албоого чакырам. Дөңгөлөк — автоунааны жол менен байланыштырып турган жалгыз деталь. Андыктан тандоодо сапатына, аны салдырып жатканда бул тармактагы адистердин кесипкөйлүгүнө көз жумуп коюуга болбойт, андайда оор кесепеттерге учурап калышы мүмкүн. Адамдын саламаттыгы баарынан кымбат", — деп эскерткен эксперт.

Ош-Бишкек жолунда жайкы дөңгөлөктүү автоунаа менен жүргүнчү ташууга тыюу салынды