Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШ Украинага кирүүгө даярданып, Европада аба десанттык дивизиясын жайгаштырды

101-аба-десанттык дивизиясы Румыниянын аймагында жайгашкан, жалпысынан 4,7 миң жоокерден турган жеңил жөө аскерлер тобу.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. - Sputnik. Америка Кошмо Штаттары 101-аба-десанттык дивизиясын аскердик машыгууларга катышуу үчүн Европага жайгаштырды. Анын командачысы Ак үйдүн америкалык аскерлер өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышпайт деп ишендиргенине карабастан, Украинага кирүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
АКШ армиясынын 101-аба-десанттык дивизиясы Россия менен АКШ баштаган НАТОнун аскердик альянстын ортосундагы чыңалуунун күчөп турган шартында дээрлик 80 жылдан бери биринчи жолу Европага жайгаштырылды.
"Дивизиянын командири Россия аскерлери НАТОго чабуул жасаса, алар чек араны кесип өтүүгө жана Украинанын аймагына кирүүгө толук даяр экенин билдирди", — деп айтылат макалада.
CBS News телеканалынын маалыматына караганда, 101-аба-десанттык дивизиясы Румыниянын аймагында жайгашкан, жалпысынан 4,7 миң жоокерден турган жеңил жөө аскерлер тобу.
АКШ бийлиги америкалык аскер кызматкерлери Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышпай турганын бир нече жолу айтып келген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Вашингтондун демилгеси менен РФ жана АКШнын коргоо министрлери сүйлөштү