Кабулда талибдер* "Ислам мамлекети" уюмунун алты согушкерин жок кылды

Мухаммед Наим жок кылынган согушкерлердин Кабулдагы мечит менен билим берүү мекемелерин жардырууга катыштыгы бар деп белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. "Талибан"* кыймылынын коопсуздук күчтөрү Афганистандын борбору Кабулда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун алты согушкерин жок кылды. Бул тууралуу талибдердин саясий кеңсесинин төрагасы Мухаммед Наимдин айтканына таянып РИА Новости жазды.

"Кечээ Ислам эмиратынын (талибдер — ред.) атайын багыттагы бөлүмү "Ислам мамлекети" уюмуна каршы операция жүргүздү. Адегенде алардын ичинен экөө кармалды, андан кийин Кабулдун сегизинчи кичи районунан бир позициясы аныкталды. Жалпысынан алты согушкер жок кылынып, куралдары, граната, жардыруучу заттары жана автоунаалары алынды", — дейт Наим.

Ошондой эле ал жок кылынган согушкерлердин Кабулдагы мечит менен билим берүү мекемелерин жардырууга катыштыгы бар деп белгилеген.
Былтыр август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кеткен. Сентябрдын башында Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектеген.
* Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында турган кыймыл.
Путин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын талибдер* менен диалог түзүүгө чакырды