23-октябрга карата аба ырайы

23-октябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу аймактарда жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +8...+13, Талас аймагында +7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +10...+15 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +11...+13 жана Ош калаасында +17...+19 градус болот.
Энергетиктер Бишкек, Чүйдүн жашоочуларын электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды