Эл бакубаттуулугун жогорулатарына ишенем. Жапаров Ереванда эмнелерге токтолду

ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча кырдаал да талкууланган темалардын бири болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгы евразиялык интеграцияга, элдерибиздин жана мамлекеттерибиздин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүнө ишенем. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен прессага билдирүү жасап жатканда айткан.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин быйылкы жылдагы жыйынтыктоочу отуруму Ереван шаарында болду.
ЕАЭБ органдарында Кыргызстандын төрагалык кылуусундагы артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын жигердүү иши катары төмөнкүлөрдү белгилеген:
2025-жылга чейин экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында белгиленген максаттарга жетүү зарылчылыгы;
бирикменин ички рыногунда "төрт эркиндик" принцибин камсыз кылуу;
өнөр жай жана агроөнөр жай чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү;
импортту алмаштыруу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү;
эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
"Бүгүнкү кеңешмеде уюмдун алкагында газ, мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүү боюнча эл аралык келишимдерди даярдоонун жүрүшү тууралуу маалымат уктук. ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча кырдаалды талкууладык, өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери боюнча чечим кабыл алынды", — деген ал.
Өкмөт башчылар ЕАЭБдин алкагында айыл чарба продукцияларына кампа күбөлүктөрүн берүү, жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашууга, ошондой эле бир катар тиешелүү буйруктарга жана чечимдерге кол коюшкан.
Акылбек Жапаров ЕАЭБдин ичиндеги тоскоолдуктар менен күрөштү катуулатууну айтты