Радио

Сыдыков: юридикалык жактарды ыкчам каттоо кызматы ачылды

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков. Архив
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков аталган жаңы кызмат коррупциялык элементтердин жоюлушун шарттай турганын айтты.
Sputnik
Юстиция министрлигинде юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жокко чыгаруу боюнча ыкчам кызмат ачылды. Эми ишкерлер документтерин үч, алты саат же бир күндүн ичинде каттатып кете алышат. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган кызмат юридикалык жактарды каттоодогу коррупциялык элементтердин жоюлушун шарттайт.
"Юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу боюнча документалдык иш-аракеттер мыйзамда үч күн, жети күн жана 10 күн деп көрсөтүлгөн. Ал үчүн мурдагы эрежелерге ылайык ишкер 407 сом төлөйт. Азыр деле ыкчам кызматтан пайдалангысы келбеген жарандар ушул тартипте юридикалык жактарын каттата берсе болот. Эми муну менен катар ыкчам кызмат да ишкерлерди кабыл алат. Анда көпкө күткүсү келбеген коммерциялык уюмдардын ээлери бир күндө иш кагаздарынын бүтүшүн кааласа 1 200 сом, алты саатта колго тийсин десе 2 500, үч саатта алууну каалагандар 3 200 сом төлөп кызматтан пайдалана алышат. Ал эми коммерциялык эмес уюм жетекчилери өз мекемесин каттатууда бул кызмат аркылуу колдонгусу келсе үч күндө бүтүрүш үчүн 1 700, бир күндө алса 3 000, алты саат ичинде бүтүрүп кетүүнү каалагандар 3 700 сом төлөшөт. Бизнес өкүлдөрү бул кызматты абдан жакшы кабыл алышууда, ишке киргенден, тагырагы, 5-октябрдан тарта 550дөн ашуун адам колдонду. Юридикалык жактарды ыкчам каттоо кызматы жалпы республика боюнча иштейт. Аталган кызмат мурдагыдай таанышына чалмай, кызматчыга пара берип тез каттатмай сыяктуу коррупциялык элементтерди толугу менен жоет", — деди Сыдыков.
Ал аталган кызматты онлайн колдонуу үчүн министрликтин сайтындагы атайын бөлүмгө кирүү зарылдыгын кошумчалады.