БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы шаардагы троллейбус башкармалыгында бош орундар бар экенин айтып, жумушчу издеп жатканын кабарлады.
Башкармалыкка керек болуп жаткан адистер:
Троллейбус айдоочусу;
Катчы;
Электронщик;
Электр монтёру;
Электрик;
Токарь;
Диспетчер
Энергетика чарбасынын жетекчиси.
Башкармалык тажрыйбалуу жана кесипкөй кызматкерлер талап кылынарын маалымдап, айлык келишим боюнча төлөнөрүн кошумчалады. Иш издеп жүргөндөр 65-75-90 телефонуна чалып же Москва көчөсү, 237 дарегине барса болот.