Токмокто кулаган учак: авиация агенттигинин жетекчиси окуянын чоо-жайын айтты

Кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Токмокто машыгуу үчүн ылайыкташылган спорттук чакан учак кырсыктагандыгын Sputnik агенттигине Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдирди.
Анын айтымында, учак шаршемби, 20-октябрда, саат 8:03тө машыгуу учурунда кулаган.
"Бул чакан учак машыгууга ылайыкташылган. Анын ичинде курсант жана инструктор болгон. Транспорт конуу тилкесинен 150 метр алыс кулап, өрттөнүп кеткен. Курсанттын абалы оор, анын эки буту тең сынган. Ал эми инструктордун жаагы сынган. Экөө тең ооруканада. Медиктердин айтымында, алардын өмүрүнө коркунуч жок", — деди Настаев.
Кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнү айтылды. Иликтөөнү Мамлекеттер аралык авиациялык комитет жүргүзмөкчү. Настаев анын эмнеден кулаганы комиссиянын ишинен кийин гана маалым болорун белгилеп, кырсык техникалык себептерден же учкучтун катасынан болушу мүмкүн экенин божомолдогон. Бирок азырынча так себеби билине элек.
Министр Бекболотов: Кыргызстандын 6-7 тик учагы чет өлкөдө оңдолууда