ЖККУ өлкөлөрүнүн Тажикстандагы "Рубеж-2022" машыгуусу аяктады

Машыгууга 1000ден ашык аскер кызматкери катышып, анын жүрүшүндө 300дөй аскердик техника колдонулду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Тажикстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин Ыкчам аракетке келүүчү аскердик күчтөрүнүн "Рубеж-2022" машыгуусу аяктады. Бул тууралуу ЖККУнун машыгуулар боюнча биргелешкен маалымат борбору билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
1 / 3

Тажикстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин Ыкчам аракетке келүүчү аскердик күчтөрүнүн "Рубеж-2022" машыгуусу аяктады

2 / 3

Билдирмеге ылайык, окуу-машыгуулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагына куралдуу кол салууларды болтурбоо үчүн ыкчам аракетке келүүчү аскердик күчтөрүн даярдоо максатында Афганистан менен чектешкен жерге жакын жайгашкан "Харбмайдон" полигонунда өттү

3 / 3

Маалыматта машыгууда аскерлер абадан коргонуу техникаларын түрдүү жагдайда колдонууну, ыкчамдык талап кылынган каршылыктарды көрсөтүү тактикаларын аткарышкан. Жалпысынан 1000 аскер кызматкери катышкан бул машыгууда аскердик жана атайын 300 техника колдонулду.

Билдирмеге ылайык, окуу-машыгуулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагына куралдуу кол салууларды болтурбоо үчүн ыкчам аракетке келүүчү аскердик күчтөрүн даярдоо максатында Афганистан менен чектешкен жерге жакын жайгашкан "Харбмайдон" полигонунда өттү.
Маалыматта машыгууда аскерлер абадан коргонуу техникаларын түрдүү жагдайда колдонууну, ыкчамдык талап кылынган каршылыктарды көрсөтүү тактикаларын аткарышкан. Жалпысынан 1000 аскер кызматкери катышкан бул машыгууда аскердик жана атайын 300 техника колдонулду.
Борбордон белгилегендей, машыгууга Борбордук Азия аймагындагы аскер контингенти, Бириккен штабдын ыкчам топтору жана ЖККУнун катчылыгы катышкан.
ЖККУга мүчө мамлекеттер Тажикстанда "Рубеж — 2022" аттуу машыгуу өткөрөт