БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда Тажикстан менен болгон чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
Ал Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкелеринде чатактын чыгып кетишине жол бербөө жана кырдаалды турукташтыруу боюнча ар тараптуу чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
"Чек арада жана чек арага жакын жайгашкан аймактардагы көйгөйлүү маселелерди саясий-дипломатиялык жана сүйлөшүү жолу менен чечкен зарыл. Чек ара маселелери эки мамлекеттин кызыкчылыгын козгогондуктан, ар кандай рангдагы аткаминерлер, жөнөкөй жарандар чек арадагы кырдаалды курчутуп жиберчү ойлонбогон сөздөрдү айтпашы керек. Бүгүн биз — Кыргызстан да, Тажикстан да тынчтыкка, стабилдүүлүккө, эки мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө муктажбыз", — деп белгилеген Ташиев.
Ал Баткен облусунун жетекчилерине тажик тарап менен өз ара иш алып барууну күчөтүү жана бекемдөө тууралуу милдетин койгон.
"Силер жаралган маселелерди тараптардын чек ара ведомстволору, тартип сактоо органдары менен өз ара иштешип, иш алып барып, токтоосуз түрдө чечишиңер керек", — деп кошумчалаган ал.
Ташиев кабыл алынган чечимдер аткарылбаса Баткендеги күч органдары менен мамлекеттик органдардын жетекчилери керт башы менен жооп берерин айтты.